Биз ар кандай функционалдык максаттар үчүн жогорку сапаттагы объекттердин таасирдүү портфелин тейлейбиз: А жана В+ классындагы бизнес борборлор, премиум турак жай комплекстери, өнөр жай объектилери, соода борборлору, ошондой эле Москва жана Санкт-Петербургдагы 3 000ге жакын мейманкана номурлары.
Компаниянын кардарларынын арасында Борбордук Европанын жана Орусиянын ондогон бизнес өкүлдөрү бар, алар буга чейин DAKOнун иш билгилик деңгээлин жана жоопкерчилигин баалашкан.
2018-ЖЫЛ
Vileda Professional'дан iQonnect'ти ишке ашыруучу биринчи объект Уюлдук тиркеме объекттерде тазалоону башкаруу процесстерин борборлоштурууга жана жакшыртууга мүмкүндүк берет
2013-ЖЫЛ
Serviator программдык кызматтар ишке киргизилген кызмат көрсөтүүчү биринчи мейманкана Система жумуш убактысына керектелген убакытты бир топ кыскартканга мүмкүндүк берет жана кызматкерлердин ортосунда маалымат алмашууну камсыздайт. Жетекчилер кызматкерлердин иш менен камсыз болушун көзөмөлдөө жана милдеттерди бирдей бөлүштүрүү мүмкүнчүлүгүнө ээ.
2007-ЖЫЛ
Объекттеги тазалоо бөлүмүнүн туура уюштурулган иштеринин натыйжасында мейманкананы тазалоого тартылган кызматкерлердин саны үч эсеге кыскарган.
2019-ЖЫЛ
Биз «Билайн-трекер» программасын киргиздик. Анын жардамы менен сиз тегеректеги аймакты тазалоодо кызматкерлердин натыйжалуулугун көзөмөлдөй аласыз.
2014-ЖЫЛ
Vileda СВЕП (SWEP) системасын жана таштандыларды өзүнчө чогултуу системасын ишке киргиздик. SWEP системасы эмгек өндүрүмдүүлүк 40 % жогорулатууга шарт түздү.
2016-ЖЫЛ
Биз бренддин дүйнөдөгү эң ири заводун тейлөө үчүн кабыл алдык.
2006-ЖЫЛ
Биз Vileda Professional компаниясынан вертикалдык айлануу системасы бар жалпак мопторду киргиздик. Бул ыкма тазалоо кызматкеринин өндүрүмдүүлүгүн гана жогорулатпастан, тазалоо убактысын да кыскартат: пол 2 эсеге тез кургайт. Кыска убакыттын ичинде жайлардын тазаланган аймагында иш кайра жанданат.
2019-ЖЫЛ
Биз «Шаардын көзөмөлү» программасын киргиздик, ал бардык турак жай комплексиндеги жабдуулардын кыймылын көзөмөлдөөгө жана анын ишинин натыйжалуулугун көзөмөлдөөгө мүмкүндүк берет.
2018-ЖЫЛ
Биз Vileda'дан SWEP системасын киргиздик. Ушундан улам биз тазалоонун ылдамдыгын жана сапатын жогорулатып, эмгектин чыгымдалышын азайттык. Биз профессионалдык химияны тандап алдык, бул майды мүмкүн болушунча жок кылууга мүмкүндүк берди. Биз басымы жана щетканын узундугу ылайыктуу болгон пол жуугуч шаймандарды тандадык.
DAKO Professional Team компаниясынын аутсорсингдик кызматтары өндүрүштүк чыгымдарды кыскартууга жана ишкананын жалпы натыйжалуулугун жогорулатууга шарт түзөт. Ошону менен бирге ишмердүүлүктүн негизги чөйрөсүнө толук кандуу күч-аракетти жумшоого мүмкүндүк берет.
Виктор Константинополев RENAULT КОМПАНИЯСЫНЫН КОММЕРЦИЯЛЫК ЖЕТЕКЧИСИ
Биз компания менен көп жылдан бери иштешип келебиз. DAKO Польшадагы биздин 10 чоң соода борборлорун тейлейт. Тазалык компаниясынын адистери аларга тапшырылган бардык тапшырмаларды так аткарышат, ал эми жетекчилер ар дайым кызматташууга даяр жана иштин көзүн мыкты билишет.
Януш Вангин FM OBI POLSKA БОЮНЧА ЖЕТЕКЧИ
Биздин компания DAKO менен беш жылдан бери кызматташып келет. Бирге иштешкен жылдар аралыгында тазалоо компаниясынын адистери кесипкөйлүгү жогорку деңгээлдеги, кардардын кызыкчылыгы үчүн эң татаал кырдаалдарда да чыгуунун жолун табууга даяр адистер экенин далидешти.
Кристина Фенцик «ЗЕНИТ» ФК СПОРТ БАЗАСЫНЫН УЛУК АДМИНИСТРАТОРУ
Объекте ишти туура уюштуруунун жана процесстин технологиясына толук кармануунун аркасында жумуштар жогорку сапатта жана эң кыска убакыт аралыгында аткарылды. Бул биздин өнөктөштүгүбүз үчүн абдан маанилүү, анткени ошонун аркасында заводддун ишмердүүлүк процесстери үзгүлтүккө учураткан жок. Компания өзүн ишенимдүү, так жана эң татаал талаптарды аткарганга жөндөмдүү өнөктөш катары көрсөттү.
Андрей Широкий ФОРД МОТОР КОМПАНИЯСЫНЫН ИМАРАТТАРДЫ ЖАНА ИЧКИ СИСТЕМАЛАРДЫ ТЕЙЛӨӨ БОЮНЧА АЙМАКТЫН БАШКАРУУЧУСУ
Биздин кызматташуубуз 5 жылдан ашык убакыттан бери уланып келатат. Ушул убакыттын ичинде компания өзүн жакшы жагынан гана көрсөтүп келатат: бардык иштер майы чыгарыла жүргүзүлүп келет. Өнөктөштөр учурдагы келишимге кирбеген кошумча кызматтарды көрсөтүүгө дайым даяр. Мекеменин кызматкерлери абдан ынтызар жана ар кандай тапшырмалар боюнчажардам берүүгө дилгир.
Татьяна Матвеева НОКИАН ТАЙЕРС КЕҢСЕСИНИН АДМИНИСТРАТОРУ
“Карелия” арт-мейманкасы DAKO менен 2017-жылдан бери иштеп келет. Бул убакыттын ичинде тазалоо компаниясы өзүн ар бир кардарга ийилчээктик менен мамиле кылган, жеке ага ылайыкташа билген ишенимдүү өнөктөш катары көрсөттү. Биз DAKO компаниясына тыгыз кызматташтыгы үчүн ыраазычылык билдиребиз жана аларды тазалоо кызматтарынын толук кандуу көрсөткөн дасыккан компания катары сунуштайбыз.
Юлия Коптева «КАРЕЛИЯ» АРТ-МЕЙМАНКАНАСЫНЫН ТЕЙЛӨӨ КЫЗМАТЫНЫН ЖЕТЕКЧИСИ
Тамак-аш блогунун тазалоо кызматынын жетекчиси катары DAKO компаниясы менен иштешүү мени толугу менен канааттандырат. Өтүнмөлөр тиешелүү түрдө жабылат, кызматкерлерди алмаштыруу маселелери натыйжалуу чечилип, бардык кызматкерлер мыйзам чегинде каттоодон өткөрүлөт. Объектеги тазалоо боюнча менеджер ар дайым байланышта, бардык кызматкерлер менен байланышып турат, ар дайым бардык маселелерден кабардар, ал дегеле жакшы адам.
Софья Лицкевич FOUR SEASONS МЕЙМАНКАНЫСЫНЫН ТАМАК-АШ БЛОГУН ТАЗАЛОО КЫЗМАТЫНЫН ЖЕТЕКЧИСИ
10 жылдык кызматташуунун натыйжасында DAKO кызматкерлери өздөрүнүн профессионалдык статусун, иштин көзүн тааныганын жана жүктөлгөн милдеттерди чебердик менен чече билерин тастыкташты. Команда кызмат көрсөтүүдө басыгынан жазбай жогорку натыйжаларды көрсөтүп келет. Алардын ишинин сапаты менен ылдамдыгы шайкеш келет. Биз өзгөчө команданын өз ишинде стандарттуу эмес чечимдерди издөөгө шыктуу экенин белгилейбиз. Узак мөөнөттүү өнөктөштүк мындан ары да өнүгө берет жана кызматташуу биздин компаниялар ортосундагы жемиштүү иштин көрсөткүчү болуп кала берет деп терең ишенебиз.
Стивен Энтони Герман «ПИТЕР РАДУГА» БК СОБ ЖЕТЕКЧИСИ
Иштин көзүн билгендик Натыйжалуулук 2006-жылдан азыркыга чейин!
Евгения Скачкова БАШКАРУУ ЖАНА ОПЕРАЦИЯЛАР БӨЛҮМҮНҮН ЖЕТЕКЧИСИ МАРИС ПРОПЕРТИЗ
Аплеона DAKOну ишенимдүү өнөктөш катары сунуштайт. Биздин узак мөөнөттүү кызматташтыгыбыз кесипкөй жана комплекстүү түрдө ишке ашырылат, DAKO өз кызматтарын ишенимдүү жана өз убагында аткарат
Дорота Левандовска мекеме менеджери Apleona HSG Facility Management
DAKO компаниясы биздин ишенимдүү өнөктөшүбүз жана жогорку деңгээлдеги кызматтарды көрсөтөт. Компания өз милдеттерине олуттуу карайт жана толук берилгендик көрсөтөт. Иштер абдан кылдат, так жана өз убагында аткарылат.
Блажей Ягелло FM АВВ БОЮНЧА БАШКАРУУЧУ, ЛОДЗЬ
Биз DAKO Professional Team'ди алардын өз ишин мыкты билгендиги жана чогуу чаран тейлеген объектилерде иштөөдө ийкемдүү мамилеси кылгандыгы үчүн ыраазычылык билдиребиз. Биз DAKO компаниясын турак жай комплекстерин тейлөөгө чакырдык, биз түк да жаңылган жокпуз деп ишенимдүү түрдө айта алабыз. Биз кардарларды тейлөөнүн жана көрсөтүлүүчү кызматтардын сапатын жаңы деңгээлге көтөрүүнүн үстүндө тынымсыз иштеп жатабыз. DAKO бул ишти автоматташтыруу, кызматчыларды көзөмөлдөө, заманбап технологияларды колдонуу жана кардардын муктаждыктарына жекече мамиле жасоо жагынан жигердүү жардам көрсөтүп жатат. Пайда болгон маселелерди чечүүдө ийилчээктик көрсөтүү жана тез өзгөртүү киргизүү процесстерди жакшыртууга жардам берет. Бул тургундардын жана ижарачылардын тез-тез өзгөрүп турган суроо-талаптарына өз убагында жооп берүүгө да мүмкүндүк берет, алар жыл мезгилинен да, имараттардын жашоо циклинен да көз каранды.
Армен Саруханян PROFESSIONAL FACILITY MANAGEMENT КОМПАНИЯСЫНЫН БАШКЫ ЖЕТЕКЧИСИ
Объекте ишти туура уюштуруунун жана процесстин технологиясына толук кармануунун аркасында жумуштар жогорку сапатта жана эң кыска убакыт аралыгында аткарылып жатат. Өзүнүн ишинин жүрүшүндө DAKO өзүн ишенимдүү, так жана эң татаал тапшырмаларды аткарууга жөндөмдүү өнөктөш катары көрсөттү. Биз DAKOну тазалоо кызматтарын көрсөтүү боюнча ишенимдүү аткаруучу катары сунуштайбыз.
Борис Трифонов КИНОСТАР ДЕ ЛЮКС КИНОТЕАТРЫНЫН БАШКЫ ДИРЕКТОРУ